A.A Бакиров: Кыргызстанда динозавр табылышы мүмкүн болгон 30дан ашуун аймак бар
Геология институтунун директорунун милдетин аткаруучу, геология жана минералогия илимдеринин кандидаты Айзек Бакиров Таш-Көмүр шаарынын жанынан табылган динозаврдын калдыктарын Улуттук тарых музейине коюу планы туурасында айтып берди.
Бул чөлкөмдөн динозавр калдыктары алгач ирет XX кылымдарда эле табылган. Анда геологдор изилдөө жүргүзүп жатып, динозаврлардын түрдүү калдыктарына туш болот. Ал эми систематикалык түрдө бул ишке 1970-жылдары советтик окумуштуу, палеонтолог Лев Несов киришкен. Аталган багыттагы андан кийинки изилдөөлөргө 2000-жылдары мен аспирант кезимде россиялык жана германиялык кесиптештерим менен чогуу киришкенбиз. Мындай маалыматты Айзек Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2000-жылдардан берки изилдөөлөрдө динозаврларга байланыштуу локациялар, алар жашап турушу мүмкүн деп божомолдонгон чөлкөмдөр табылган.
Анын айтымында, 2000-жылдардан берки изилдөөлөрдө динозаврларга байланыштуу локациялар, алар жашап турушу мүмкүн деп божомолдонгон чөлкөмдөр табылган.
«2000-жылдарга чейин биз динозаврлардын фаунасын Кыргызстанда изилдөө боюнча иш жүргүзгөнбүз. Анда байыркы жаныбардын жашашы мүмкүн болгон 23 аймак табылган. Учурда 30дан ашык мындай жерлер белгиленген. Биз учурда Таш-Көмүр чөлкөмүнөн тапкан динозавр теропоттор түрүнө кирет. Алар жырткыч болгон. Мындан 165 миллион жыл мурда жашап кеткени божомолдонууда. Көлөмдөрү ар түрдүү болгон. Тиешелүү изилдөөлөрдөн соң башкаларына окшошпогон жаңы түрү экенин билдик. Ошондуктан өзүбүз ат беришибиз керек болду. Илимде жаңы ачылыштар ошол жерге же тапкан окумуштууга, болбосо жергиликтүү фольклорго байланыштырып аталат. Ошондуктан биз «Манас» эпосундагы алп кара куштун атын ыйгарып, латынча Alpkarakush kyrgyzicus деп атадык. Мындан улам көптөр динозавр учкан бекен деп сурап жатышат, жок, ал учкан эмес, бирок теропоттордун кээ бирөөлөрү канаты менен болгон. Негизи теропоттордон азыркы канаттуулар пайда болгон. Илимде эволюциясы ушундай. Биз мына ушуну түшүндүргүбүз келди. «Манас» эпосундагы алп кара куш чоң эмеспи, биз тапкан динозавр дагы ошондой көлөмдүү. Узундугу 7-8, бийиктиги 3 метрге жетет. Ошондуктан да алп деген түшүнүк туура келет го. Биз эми бул табылганы Улуттук тарых музейине койсок деген ниетибиз бар. Бирок бул үчүн моделин жасаш керек. Андай иштер чет мамлекеттерде гана жасалат. Биз андай фирмалар менен байланышып көрдүк, 120 000 евродой керек болот экен», — деди Бакиров.
Окумуштуу Кыргызстанда мындан башка да уникалдуу табылгалар бар экенине токтолуп, өзүнчө бир зоологиялык, ботаникалык же зоология-геологиялык музей ачылса деген кыялы менен бөлүштү.
«Бизде, мындан сырткары, мамонт, илим үчүн баалуу болгон үлүлдөрдүн жана башка жандыктардын уникалдуу табылгалары бар. Алардын баарын коюуга мүмкүнчүлүк жок. Эгер зоология-геологиялыкпы же ботаникалыкпы, музей ачылып, ошол эле Ботаникалык бакта ар бир табылгага өзүнчө орун берилсе жакшы болмок. Бул Орто Азиядагы баалуу музейге айланмак», — дейт илимпоз.
Ал динозаврларды иликтөөсүн мындан ары улантарын, илимде көмүр казылган жерде алар жашап турушу мүмкүн экени божомолдонгондуктан, Кыргызстанда дагы бул багытта уникалдуу көптөгөн ачылыштар болушу ыктымалдыгын кошумчалады.
Булагына шилтеме: https://sputnik.kg/20250728/dinozavr-tabylchu-30dan-ashuun-zher-bar-1095559118.html
https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=775116681856276&id=100080738533250&rdid=cxCRkf5kJe7NWXBR#