Кыргыз-Россия геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы кызматташуу боюнча Жумушчу тобу
2025-жылдын 23-24-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз-Россия геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы кызматташуу боюнча Жумушчу тобунун отуруму болуп өттү. Россиянын делегациясынын курамында 20дан ашык адам – Россия Федерациясынын Жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин, башкы институттардын, ири тоо-кен компанияларынын ж.б. өкүлдөрү болду. Делегацияны Федералдык жер казынасын пайдалануу агенттигинин жетекчисинин орун басары А.А. Гермаханов жетектеди. Кыргыз Республикасынын делегациясын КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Кыргыз геологиялык кызматынын директору М.М. Жусупбеков жетектеди.
Отурумдун жүрүшүндө геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы көп сандаган баяндамалар угулду, эки тараптуу талкуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Бул отурумда КР УИАнын М.М. Адышев атындагы Геология институтунун металлогения жана руда пайда болуу лабораториясынын башчысы Н.Т. Пак «Кыргызстандын алтын кендеринде КР УИАнын Геология институту менен «Карпинский Институту» ФМБМнын (ФГБУ «Институт Карпинского») биргелешкен изилдөөлөрүнүн кыскача жыйынтыктары» деген аталыштагы баяндама жасады.
Жыйынтыгында «Геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы кыргыз-россиялык кызматташуунун 2025-2027-жылдарга карата Орто мөөнөттүү Программасына» кол коюлду.
Ошондой эле бул отурумда КР УИАнын М.М. Адышев атындагы Геология институту менен Түстүү жана асыл металлдардын борбордук илимий-изилдөө геологиялык чалгындоо институтунун (ФМБМ «ЦНИГРИ», Москва ш.) ортосундагы Кызматташуу жөнүндө Келишимге кол коюлду.
Сүрөттө: М.М. Жусупбеков жана А.А. Гермаханов «Геология жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы кыргыз-россиялык кызматташуунун 2025-2027-жылдарга карата Орто мөөнөттүү программасына» кол коюшту.


