Активизация и стимулирование изобретательской, инновационной деятельности в Кыргызской Республике
2025-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында актуалдуу темадагы: «Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук, инновациялык ишмердүүлүктү активдештирүү жана стимулдаштыруу» аттуу эл аралык конференция чоң ийгилик менен өттү. Бул маанилүү иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана КР УИАсы биргелешип уюштурушту.
Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Амангельдиев Данияр Жолдошевич, Кыргызпатенттин директору Керимбаева Рахат Топчубаевна, КР УИАсынын президенти Абдрахматов Канатбек Ермекович, Евразия патенттик ведомствосунун Евразия патенттик уюмундагы (ЕАПВ) президентинин кеңешчиси – Ташиев Жапаркул Актаевич, КР УИАсынын институттарынын илимий кызматкерлери, таланттуу ойлоп табуучулар жана изилдөөчүлөр, бизнес-коомчулуктун, Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана биздин урматтуу өнөктөштөр катышты.
Геология институтунун илимий кызматкери, PhD Бектемирова Турсунай Абдупаттаевнанын «Кыргызстандын жаратылыш минералдык жер семирткичтери жана мелиоранттары» деген темадагы илимий доклады өзгөчө кызыгууну жаратты. Докладда Кызылтокой кенинин илимий изилдөөлөрүнүн маанилүү жыйынтыктары жана айыл чарбасында топурактын күрдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле агынды сууларды тазалоо сыяктуу курч экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаратылыш агрорудаларын — глауконитти, трепелди жана смектиттик чополорду — пайдалануунун келечектүү мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Конференциянын темасын улантуу жана илимий иштеп чыгуулардын практикалык колдонулушун көрсөтүү максатында Геология институтунун жаш окумуштуулары Кыргызстандын минералдык ресурстарынын эл чарбасынын ар кандай тармактары үчүн болгон потенциалын айкын көрсөткөн тоо тектеринин жана минералдардын кызыктуу көргөзмөсүн уюштурушту.
Геология институту мазмундуу жана жемиштүү конференция үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирет. Мындай иш-чаралар өлкөбүздө илимий жана колдонмо демилгелердин мындан ары өнүгүшүнө негизги ролду ойнойт деп ишенебиз.
17 апреля 2025 года, в Национальной академии наук Кыргызской Республики с большим успехом прошла международная
конференция на актуальную тему: «Активизация и стимулирование изобретательской, инновационной деятельности в Кыргызской Республике». Организаторами этого важного мероприятия выступили Государственное агентство интеллектуальной собственности и инноваций при Кабинете Министров Кыргызской Республики (Кыргызпатент) и НАН КР.
В работе конференции приняли участие Первый заместитель Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики Амангельдиев Данияр Джолдошевич, директор Кыргызпатента Керимбаева Рахат Топчубаевна, Президент НАН КР Абдрахматов Канатбек Ермекович, Советник Президента Евразийского патентного ведомства Евразийской патентной организации (ЕАПВ) — Ташиев Жапаркул Актаевич, научные сотрудники институтов НАН КР, талантливые изобретатели и исследователи, представители бизнес-сообщества, министерств и ведомств Кыргызской Республики, международных организаций и наши уважаемые партнеры.
Особый интерес вызвал научный доклад Бектемировой Турсунай Абдупаттаевны, PhD, научного сотрудника Института геологии им. М.М. Адышева НАН КР, на тему «Природные минеральные удобрения и мелиоранты Кыргызстана». В докладе были представлены значимые результаты научных исследований Кызылтокойского месторождения и многообещающие перспективы использования природных агроруд — глауконита, трепела и смектитовых глин — для повышения плодородия почв в сельском хозяйстве, а также для решения острых экологических проблем, таких как очистка сточных вод.
В продолжение темы конференции и демонстрации практического применения научных разработок, молодые ученые Института геологии организовали увлекательную выставку горных пород и минералов, наглядно демонстрируя потенциал минеральных ресурсов Кыргызстана для различных отраслей народного хозяйства.
Институт геологии выражает искреннюю благодарность организаторам за содержательную и плодотворную конференцию. Мы убеждены, что подобные мероприятия играют ключевую роль в дальнейшем развитии научных и прикладных инициатив в нашей стране.