Институт геологии им. М. М. Адышева

Национальная академия наук Кыргызской Республики

Пресс-релиз: Кыргызстандын ортоңку юра доорундагы жаңы жырткыч динозавр

Кайсы бир аймакты геологиялык изилдөөгө палеонтологиялык жана стратиграфиялык изилдөөлөр негиз болот. Алардын жардамы менен гана кондициялуу  геологиялык карта түзүүгө болот. Тянь-Шандын кыргыз бөлүгүнүн аймагы да четте калган эмес.

1943-жылы СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалы уюштурулуп, анын курамына Геология институту кирген, анда палеозой, мезозой жана кайнозойдун фаунасынын жана флорасынын көптөгөн топторунун палеонтологиялык калдыктары изилденген. Ошондон бери көп сандаган макалалар, монографиялар жана атластар басылып, деталдуу биостратиграфиялык схемалар иштелип чыкты, геолог-съемщиктер тарабынан изилдөөлөрдүн натыйжалары пайдалуу кендерди чалгындоо үчүн негиз болуп, ири масштабдуу геологиялык карталарга киргизилди.

2000-жылдан тарта КР УИАнын Геология институту стратиграфиялык максатта Кыргызстандын аймагында юра мезгилиндеги омурткалуу жаныбарлардын калдыктарын изилдөөнү баштаган. Айзек Асанбекович Бакиров, ошол кезде аспирант, азыр бул институттун директорунун милдетин аткаруучу, чет элдик кесиптештери (Россия, Германия) менен бирге Фергананын түндүгүндөгү жана түндүк-чыгышындагы балабансай свитасынын (ортоңку юра, келловей) рептилияларынын (динозаврлар, птерозаврлар, хористодералар) жана амфибиялардын калдыктарын изилденген.

А.А. Бакиров 2005 жана 2006-жылдары жүргүзгөн казуу иштеринин натыйжасында Ташкөмүр шаарына жакын эки жерден (Сарыкамыш-Сай жана Ууру-Сай өрөөндөрүндө) динозаврлардын жарым толук калдыктарын алууга мүмкүндүк болгон. Зауропод динозаврынын 12 муундуу куйрук омурткадан жана башка сөөк сыныктарынан турган скелети буга чейин казылып, жарым-жартылай тазаланган. Ташкөмүр шаарынын батыш тарабында жайгашкан Ууру-Сай өрөөнүндөгү экинчи табылга балабансай свитасынын жогорку (кызыл түстүү) бөлүгүнөн келип чыккан жана эки теропод динозаврларынын жарым-жартылай калдыктарын камтыйт. Бул жерде ачылган балабансай свитасынын катмарлары болжол менен 165 миллион жыл мурунку, ортоңку юра дооруна таандык болгон. 2006-жылы А.А. Бакиров жердин үстүнөн тероподдун омурткасын жана фалангасын таап алган. Жерди казуу учурунда динозаврдын кээ бир бут сөөктөрү жана кабыргалары да табылган. 2009-жылы казуу иштери улантылып, бирок кошумча сөөк калдыктары табылган эмес. 2014-жылы А.А. Бакиров жана жаш адис Жаңыл Намазбекова (КР Улуттук илимдер академиясынын Геология институту) ошол эле тилкеде кеңейтилген жана терең казуу иштерин жүргүзүшүп, натыйжада анатомиялык түзүлүшү сакталган мүчөлөрү, ошондой эле тероподдун омурткалары жана кабыргалары алынган. Жамбаш сөөктөрү жана куймулчактын омурткалары бириккен бойдон табылган, бирок сөөк кармаган катмар тике жайгашкандыктан, казуу иштерин токтотууга аргасыз болгонбуз, анткени бул үчүн чоң көлөмдөгү казуу иштери талап кылынган. Ушул себептен жана талаа жумуштарын жүргүзүүгө каражаттын жоктугунан бул жер убактылуу жабылган. 2016–2017-жылдары казуу иштери улантылып, динозаврдын кээ бир жетишпей турган сөөктөрү табылган. Акыры, макаланын авторлорунун бардыгынан турган кыргыз-немис экспедициясы 2023-жылы Ууру-Сайдагы жерди тереңдетип казууну кайрадан баштап, натыйжада бир нече кошумча сөөктөр жана тиштер табылган. Жалпысынан бир нече жылдар бою Ууру-Сай тилкесинен теропод скелетинин олуттуу бөлүгү жана кээ бир кошумча омурткалуу жаныбарлардын калдыктары, анын ичинде экинчи тероподдун фрагменттүү үлгүсү табылды. 2006-жылдан 2023-жылга чейин казуу иштеринин жүрүшүндө баш сөөктөрүн, арка жана куймулчак омурткаларын, ийин жана алдыңкы мүчөлөрүнүн сыныктарын, ошондой эле дээрлик толук жамбаш бели менен арткы буттарын табышкан, жырткыч динозаврдын узундугу сегиз-тогуз метрге чейин жеткен. Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнүн бүт процесси Германиялык окумуштуулары менен биргелешип жазган илимий макалада кеңири баяндалган жана талданган (https://doi.org/10.1093/zoolinnean/zlae090).

Кыргызстан менен Германиянын палеонтологдорунун кызматташтыгынын жыйынтыгы Кыргызстанда биринчи теропод динозаврынын калдыктарынын табылышы болду. Бул Борбор Азиядагы эң маанилүү ачылыштардын бири.

Тероподдор — Тираннозавр жана Аллозавр сыяктуу белгилүү жырткычтарды, ошондой эле азыркы канаттууларды кошкондо, динозаврлардын эң маанилүү чоң топторунун бири. Тероподдордун көп түрдүүлүгү мезозой доорунан, динозаврлар доорунан бери белгилүү. Бүгүнкү күндө арстандар көбүнчө Африкада, жолборстор Азияда гана кездешкендей эле, Аллозавр Түндүк Америкада жана Европанын түштүк-батышында юра мезгилинде кеңири таралган, ал эми ошондой өлчөмдөгү метриакантозаврлар Кытайда жашаган. Бирок, алардын ортосундагы, башкача айтканда, Борбордук Европа менен Чыгыш Азиянын ортосундагы кең аймак дагы эле terra incognita бойдон калган — бул жерлерден бир дагы юралык ири жырткыч динозавр мурда белгилүү болгон эмес.

Ууру-Сайдагы теропод калдыктарынын ачылышы абалды бир топ жакшыртты: Alpkarakush kyrgyzicus — Кыргызстандан табылган биринчи теропод динозаврынын аты. Бул мурда белгисиз өзгөчөлүктөргө ээ болгон жаңы уруу (род) жана түр (вид). Көздүн арт жагындагы сөөктүн үстүндө эң эле чыгып турган “кашы” өзгөчө көңүл бурат, баш сөөгүнүн көздүн артындагы сөөктүн үстүндө мүйүс болгогнун аныктап турат.  Башка уникалдуу өзгөчөлүктөр арка омурткаларында жана кашка жилик сөөктөрүндө кездешет.

Көптөгөн башка тероподдор менен салыштыруу жаңы түрдүн Чыгыш Азиядагы ири жырткыч динозаврлар менен тыгыз байланышта болгон метриакантозаврид экенин көрсөтүп турат. Палеонтологдор метриакантозавриддердин жана башка маанилүү тероподдор топторунун келип чыгышын Түштүк-Чыгыш Азияда, ал жерден Борбордук Азия жана Европа аркылуу башка континенттерге тараган деп божомолдошот. «Alpkarakush метриакантозавридге мүчө болушу күтүлбөгөн нерсе болбосо да, бул ачылыш юра мезгилинин тероподдору жөнүндөгү билимибиздеги чоң боштукту жабат. Бул бизди бул жаныбарлардын эволюциясы жана биогеографиясы боюнча маанилүү жаңы түшүнүктөргө жетелейт», — дейт Мюнхендеги Бавариялык палеонтология жана геология коллекциясынан (SNSB-BSPG) профессор Оливер Раухут жана изилдөөнүн биринчи авторлошу.

Ууру-Сайда экинчи Alpkarakush kyrgyzicus, бир аз кичирээк үлгүсүнүн калдыктары да табылган. Сөөктүн ички түзүлүшүн изилдөө чоңураак үлгү дээрлик бойго жеткен, кеминде он жети жашта жана жыныстык жактан жетилген, ал эми кичинеси жашы жете элек экенин көрсөттү. Жаныбар 165 миллион жыл мурун баласы менен саякатка чыккан болушу мүмкүн.

Изилдөө процессинде Alpkarakushка тиешелүү бардык сөөктөрдүн санариптик фотогамметриялык 3D-моделдери түзүлдү. «Бул моделдер азыр онлайн жеткиликтүү жана дүйнө жүзү боюнча изилдөөчүлөргө кийинки изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана 3D-басып чыгарууга мүмкүндүк берет», — дейт авторлордун бири, доктор Оливер Уингс, Бамберг Табигый тарых музейинин директору.

Табылга кыргыздын «Манас» баатырдык эпосунда кездешүүчү алп мифтик канаттуу Алпкаракуштун атынан коюлган, ал каардуу учурларда баатырларга көп жардамга келет. Түрдүн «kyrgyzicus» аталышы мурда жырткыч динозавр жашаган Кыргыз Республикасына түздөн-түз тиешелүү. Alpkarakush kyrgyzicus Кыргызстанда көргөзмөгө коюлган алгачкы динозаврдын скелети болушу мүмкүн: эгерде колдоочулар болуп, бул долбоорго каражат бөлүнсө, рептилиянын реконструкциясын, ошондой эле оригиналдуу сөөктөрүн Бишкектеги Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде көрсөтүүгө болот эле. Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери менен ведомстволорун, эл аралык уюмдар менен фонддорду, ишкерлерди экспозицияны уюштурууга каражат табууга көмөктөшүүгө чакырат элем.

Изилдөө Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын M.M. Адышев атындагы Геология институтунун, Бавариянын табият тарыхынын коллекцияларынын эки бөлүмү (Мюнхендеги Бавариялык палеонтология жана геология коллекциясы жана Бамбергдеги табигый тарых музейи) жана Готадагы Фриденштейн фондунун илимий кызматташтыгынын натыйжасы болуп саналат. Германиянын изилдөө фонду (DFG) тарабынан каржыланган бул изилдөө азыркы учурда Линней коомунун Зоологиялык журналында (Zoological Journal of the Linnean Society) жарыяланды.

 

Түпнуска басылма:

Oliver W.M. Rauhut, Aizek A. Bakirov, Oliver Wings, Alexandra E. Fernandes, Tom R. Hübner. A new theropod dinosaur from the Callovian Balabansai Formation of Kyrgyzstan. Zoological Journal of the Linnean Society, Volume 201, Issue 4, August 2024, zlae090, https://doi.org/10.1093/zoolinnean/zlae090

 

Пресса үчүн кошумча сүрөттөр:

https://syncandshare.lrz.de/getlink/fiAGrFnQZUy1YjbUK1cLoX/

 

Биздин экспедициялар тууралуу видео субтитрлер менен:

https://www.youtube.com/watch?v=nlIPaJD4kvA

 

Урматтоо менен,

КР УИАнын ГИнун директорунун м.а.,

Айзек Асанбекович Бакиров

 

Дарек жана байланыштар:

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы

M.M. Адышев атындагы Геология институту

Бишкек ш., 720040

Эркиндик бульвар 30,
Тел./Факс:
 +996 312 664 737

e-mail: ig@geol.kg

http://geol.kg/